Жалпы үй-бүлө үчүн – кыялдагы үй

pic
KyrSEFF насыялары

Сыдык Нышанов: «Өзүмдүн үй-бүлөм үчүн жаңы үйдүн курулушун баштап жатып, мен аны жылуу, жарык жана ыңгайлуу кылып курууну абдан кааладым. Биринчи Микрофинансылык Компаниянын насыялык адистери менен өзүмдүн пландарым боюнча сүйлөшкөнүмдө, алар мага пайыздык төлөмдөрүнүн көбүрөөк бөлүгүн жаап кала турган грант алууга мүмкүнчүлүгү бар «/Кыялымдагы үй» насыялык прдуктусу жөнүндө айтып беришти. Бул абдан пайдалуу шарт болгондуктан, мен курулуштун сметасын түзүп, керектүү болгон бардык документтерди чогултуп, үйдү жылуулоо үчүн насыя алдым.

Жылуулук камсыздоочу иштерди жүргүзүү учурунда мен монтаждык иштердин сапатына көп көңүл бурдум. Кирпич тизимдерин атмосфералык таасирлерден сактап, кирпичти нымдан жана бузулуудан коргой турган, муну менен бирге үйдүн ички температурасын орточо 5 градуска чейин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүүчү пеноплекс менен дубалдарды жылууладым.

Насыялык каражатка 4 камералуу 2 кабат айнектелген ПВХ терезелерин жана эшиктерди сатып алдым. Булардын негизги функциясы – жылуулукту 25%га чейин сактоо: пластикалык терезелер жылуулукту кармоону жакшы камсыз кылат, ички терезедеги жылуулуктун температурасы +20С төмөн түшпөйт.

Полду жылуулоо үчүн 5 см. калыңдыктагы пенпласт менен OSB материалынан жасалган тилкелерди колдондум. OSB тилкелеринин накта негизи полду нымдуулуктан сактап, жылуулуктун коромжу болушун 25%га чейин кыскартат. Шыпты жылуулоодо, чатыр менен жылуулагычтын ортосунда сырткы абанын муздак басымы менен айланадагы абанын басымы ортосунда пайда болуучу бууга бөгөт боло турган аба катмарын калтырдык, бул дагы жылуулуктун коромжу болушун 20-25%га чейин кыскартат.

Үйдө энергоэффективдүү диодуу жарыктандырууну колдонуу электр чыгымын бир кыйла азайтты, буга кошумча кадимки лампалардан айырмаланып, диодуу жарыктандыруучуларда ысып кетүүчү жипчелер болбогондуктан, алар механикалык таасирлерден улам бузулуп калууга душар болбойт. Ушул энергонатыйжалуу чечимдердин аркасында мен өзүм баш жагында болжогон ойумдан да жакшы курулуш курууга жетиштим. А эң жагымдуусу: үйдү жылуулоо боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашыргандыгым үчүн биздин үй-бүлөбүз KyrSEFF программасынан насыянын жалпы суммасынан 20 % өлчөмүндө грант алдык"

«Кыялдагы уй» насыясынын шарттары жөнүндөгү кеңири маалымат

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору