Ийгиликтүү бизнес үчүн энергонатыйжалуу чечимдер

pic
KyrSEFF насыялары

Асатилла Заирович Куршабдагы белгилүү чайкананын ээси. Чайкана анча чоң эмес болгону менен, анын даамдуу плов тамагын эңсеген меймандардын саны уламдан-улам көбөйүп баратты. Ушундан улам ал дагы бир чайкана жайын куруп, өзүнүн чайканасын кеңейтүүнү чечти.

Биринчи Микрофинансылык Компаниянын 5 жылдан берки кардары болгондуктан, компаниянын адистерине өзүнүн пландаган оюн айтып, «Эффективдүү бизнес» насыясы жөнүндө билип алды. Бул насыянын максаттуу багыттарынын бири болуп, бизнес багытындагы имараттардын энергиялык жана ресурстук натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн имараттарды куруу жана аларды реконструкциялоо эсептелет.

Асатилла Заирович жаңы имаратты курууда энергияны сактоочу материалдарды: минералдык пахтаны жана дубалдарды, полдорду, шыптарды жылуулоо үчүн аба кирүүчү курулуш пленкаларын колдонду. Пленка дубалдарды буудан, нымдан жана шамалдан коргоп тургандыктан жылуулуктун коромжу болушун 25-30%га чейин кыскартууга мүмкүнчүлүк түздү. Ал идеалдуу микроклимат түзүү менен, жылуулуктун коромжу болушун 20-25%га чейин кыскарта турган энергияны үнөмдөөчү терезелерди орнотту.

Заводдук жаңы сертификацияланган мешти колдонуу аркылуу буу жүгүртмө жылытуусун орнотуу чечими өтө пайдалуу болуп чыкты: өткөн жылдарга салыштырмалуу көмүрдүн чыгымдалышы 30-40%га чейин кыскарды. А эң башкысы – эми Асатилла Заировичтин үйү да чайкана менен бирге жылытыла турган болду. Курулуш бүтөөрү менен келишкен меймандар чайкананын ыңгайлуулугуна абдан ыраазы болушту, себеби жылдын суук мезгилинде жылуу жерде отуруу бардык адамдар үчүн ыңгайлуулуктун эң негизги фактору эмеспи.

Чайканадагы чакан 6 бөлмөнүн ордуна курулуштан кийин бардык ыңгайлуулуктары бар 14 чакан бөлмө ачылды. Келген меймандардын саны 20-30%га жогорулап, кирешенин көбөйүшүнө да шарт түзүлдү. Мындан тышкары Асатилла Заирович кошумча жумуш орундарын да түздү: чайканада туруктуу негизде 4 адам, ал эми жылдын жылуу мезгилинде 8 адамга чейин дайыма иштешет.

Эң негизги бонус: Kyrseff программасынын бардык шарттарын толук сактап, насыяны максаттуу пайдалануу менен Асатилла Заирович биздин өнөктөшүбүз Kyrseff – Кыргызстанда Туруктуу энергияны каржылоо программасынан насыянын жалпы суммасынан 15% грант алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болду.

«Эффективдүү бизнес» насыясынын шарттары жөнүндөгү кеңири маалымат

Тизмеге Кайтуу
Жогору