Бизнести жаңы бийиктикке чыгаруу үчүн, кредит аба менен суудай зарыл эле

pic
Бизнеске кредиттер

Кредит алуудан коркпой жана өз бизнесин жаңы бийиктикке алып чыккан аялдын кезектеги ийгилик баяны.

Кредит алды да, бизнесин жаңы бийиктикке чыгарып койду

Ларисанын үй-бүлөсү көп балалуу болгондуктан, ал дайыма балдары, өзү канткенде жетиштүү турмушта күн кечирип, эртеңки күнгө да ишенимдүү карап жашасак дегенде, ак эткенден так этчү. Жолдошу пахта өстүрүү менен алек болсо, үй-бүлө анча чоң эмес дүкөнгө ээлик кылышчу. Бирок булардан түшкөн киреше чеке жылытарлык эмес эле. Бир жолу Лариса Биринчи МикроФинансылык Компанияга кредит алуу үчүн кайрылып, эми анын туруктуу кардарына айланды. 
25 000 сом өлчөмүндөгү биринчи кредитти үй-бүлө азык-түлүк дүкөнүнө товар сатып алууга пайдаланды. Лариса экинчи ирет үйүн ремонттоо үчүн кредит сурап кайрылды. Ал эми кийинки алынган, өлчөмү 100 000 сомго чейин жеткен кредиттер бизнес үчүн айланта турган каражаттарды көбөйтүүгө жана мал сатып алууга жумшалды. Азыркы учурда Ларисанын активдүү кредити бар, ал товар айлантууну көбөйтүү үчүн иштетилип жатат. Бул кредитти төлөгөндөн кийин, ал дүкөндү капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дагы каражат алууну пландап жатат. 

Кредит алып өз кирешеңди көбөйтүү эң жөнөкөй!

Султановдордун дүкөнүндөгү товарларга айылдыктардын суроо-талабы кудайга шүгүр эле. Кошуналар алардын негизги сатып алуучулары. Айылда зарыл болгон буюмдардын бардыгы бар ушундай соода түйүнү бар экенине алар да ыраазы, себеби алар үчүн шаарга баруунун кажети жок. Кошуналык жакын мамилелер товарларды карызга алып, аларды кийинчерээк төлөп коюуга мүмкүн болгону, андан бетер жакшы болуп жатпайбы! Айылдыктар үчүн мындай мамиле табылгыс нерсе, анткени бардык эле сатуучу ооздон чыккан сөзгө ишенип товарын кармата бербейт да. Бирок Лариса дайыма коңшуларынын ажатын ачып турууга аракет кылат.
Натыйжада биздин кардарыбыз бизнеске инвестицияны билгичтик менен салгандыктан, үй-бүлөсүнүн бир айлык кирешесин 42 пайызга көбөйтө алды. Алган кирешесин үй курууга, товар айлантууну көбөйтүүгө, мал сатып алууга жумшап жатат. Булардан тышкары үй-бүлөлүк жакшылыктар үчүн каражат жыйноону да эстен чыгарган жок. 
Иш илгерилей баштагандан кийин үй-бүлө жаңы үй курууну баштап, ал бир нече жыл мурда бүткөн. Мурда Лариса мындай чыгымдарга күчү жетерин ойлоно да алчу эмес. Бирок Биринчи МФКдан пайдалуу кредит алуудан кийин, ал бардык кыялын ишке ашыра алды. 
Кредит алып дагы утушта калуу – бул ишке аша турган нерсе. Мынакей, кредит алгандан коркпогон, иши илгерилеген адамдын баяны! 

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору