Кредит аркылуу жашоону жакшы жакка өзгөртүүгө болот!

pic
Бизнеске кредиттер


Биздин каарманыбыздын баскан жолу көрсөтүп тургандай, бет алган жагыңан кайтпаган каалооң күчтүү болсо, ага талыкпаган аракет кошулса, кандай гана кырдаал болбосун аны жеңип чыгууга болот. Муну Асел көрсөтө алды. Ал кредит алууну чечип, базардагы кичинекей жерди өнүгүп бара жаткан жакшынакай дүкөнгө айлантып койду.

Асел Болотовна – биздин ийгиликтүү кардарларыбыздын бири. Азыр Аселдин өзү туулуп өскөн Нарын шаарында кирешелүү бизнеси жана мыкты үй-бүлөсү бар. Бирок мындай абалга жетүү оңой-олтоң болгон жок. Аселдин беттегенин бербеген мүнөзүнөн жана туруктуулугунан улам гана азыркыдай абалга жетише алды.

Нарындан кредит алып, жашоону жакшы жакка өзгөртүүгө болот!

Жашоодо адам баласынын башынан көп эле кыйынчылыктар, жоготуулар өтөт. Асел дагы ушундай абалга дуушар болду. Ушундай абалды баштан кечиргенден кийин, ал Нарындын борбордук базарынан кичинекей бир дүкөнчөгө ээлик кылып калды. Дүкөн айрым бир шарттарга байланыштуу, бир топ жылдан бери жөн эле туруп калган. Кардарлар кирсе кирип, кирбесе жок эле. Асел мындай абалды көрүп, кичинекей бир нече чарчы метр жерди киреше бере турган жакшы бизнеске айлантууга бел байлады. Биринчи МикроФинансылык Компаниядан кредит алуу, ал үчүн тагдыр чечээр иш болду. Нарында чындыгында кредит сунуш кылган компаниялар жетиштүү болчу. Бирок Асел үй-бүлөсү менен акылдашып, бардыгын салыштырып чыккандан кийин, Биринчи МФКны тандады. Чын эле тандоодон жаңылбаптыр.

Нарындан кредит алуу эң эле жөнөкөй!

Асел кредит алуу үчүн биздин филиалга кайрылган. Керектүү документтердин бардыгын бүтүргөн соң, ал Нарындагы филиалдан жарым миллион сом алган. Алган каражатка дүкөндү кеңейтип, оңдоп, ичин ремонттоп чыкты. Кредиттин бир бөлүгүн товарга жана алардын ассортиментин көбөйтүүгө жумшады.
Ошентип кеңейтилип, ремонттолгон дүкөн тез эле ачылып, анда түрдүү товарлар сатыла баштаган. Нарындын борбордук базарында Аселдин дүкөнү башка соода жайларына олуттуу атаандаштыкты жаратты. Жаш келин алган кредитинен өз убагында кутулган. Азыр Асел үй-бүлөгө киреше алып келип жаткан ийгиликтүү бизнесин башкарып, дагы кредит алуу жөнүндө ойлонууда. Анткени кредит алып бизнесин дагы өркүндөткүсү келет. Бул иш Аселдин колунан келерине биз да ишенебиз!
Биздин компания өз кардарларына кам көрүп, алардын баштаган иши ийгилик менен аяктаганына чын ниетинен кубанып турат. Бул баянда Нарында кантип кредит алып, өз ишин баштаса болору тууралуу сөз болду. 

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору