Атадан балага өткөн ийгиликтүү кредиттик эстафета

pic
Агро кредиттер

Биринчи МикроФинансылык Компанияга бир нече жолу кайрылган Акылбек эми биздин туруктуу кардарыбыз. Анын ийгилик баяны өзүнүн фермердик чарбасын өнүктүрүүнү каалап, чечкиндүү чечим кабыл алганынан башталат. Ал мал чарбасынын линиясы боюнча кайрылып, 15 000 сом кредит алган. Иш илгери жүрүп, ал муну тез эле төлөдү. Ошентип  Акылбек өзүнүн мыкты кредиттик таржымалын жакшы баштап алды. Ал кийинки жолу компанияга кайрылганда, кредитти эч кыйынчылыксыз эле алып койду. Бул жолу үй-бүлөдөгү жагымдуу себепке – үйлөнүү тою үчүн кредит алган. Алынган каражатты өз убагында төлөгөн. 
Көрсө, Акылбек мындай кредиттик эстафетаны ата-энесинен алган экен. Ата-энеси да бир нече жылдан бери Биринчи МФК менен ишкер мамиле түзүп, өз иштеринин өнүгүүсү үчүн агрокредиттерди алып келишиптир. Алардын да кредитти өз убагында төлөп кутулуусунан эч кандай маселе болгон эмес. Иш жакшы жүрүшкөндүктөн, ата-энеси эми бул үй-бүлөлүк бизнести баласына да үйрөтүп, Биринчи МФКнын кредит берүүдөгү түрдүү ыкмалары тууралуу айтып беришкен экен. Демек, Акылбектин үй-бүлөсү үчүн, анын ата-энеси үчүн биздин компания маанилүү роль ойногону белгилүү болду. Ошондуктан биздин кардарлардын арасында улуу муундан кичүү муунга өтүп иштеп келе жаткандары бар экендиги, компанияга ишеним артышкандыгы, биз үчүн да сыймык. 

Ийгиликтүү келечек үчүн Биринчи МФКдан агрокредит

Ал эми биздин дагы бир иши илгерилеген кардарыбыз токойчу болуп иштеп, мал чарбасына да ээлик кылат. Анда тоо туризмине байланышкан сезондук бизнес ачуу идеясы пайда болот. Бул түпкүлүгүндө абдан кирешелүү иш болуп чыкты. Анткени чет элдик туристтер тоо арасындагы жалгыз аяк жолдордо ат менен жана жөө баса турган жүрүштөргө буюртма беришет. Эс алгысы келгенде боз үйлөрдөн турган шаарчада өргүшөт. Бул жайды дагы биздин кардар Биринчи МФКдан алган кредитине ачкан.
 Бул ийгилик баяны эгерде сиздин жакшы идеяңыз болсо, аны ишке ашырууну кааласаңыз, анда сиздин жолуңуз ар дайым болоруна күбө болуп жатат. Анын ичинде Биринчи МФКдан кредит катары да болушу мүмкүн. Анткени биз өз жашоо турмушунун деңгээлин жогорулатууну каалаган, ошол эле учурда туулуп өскөн жеринин өнүгүшүнө салым кошкусу келген жердештерибиздин иш баштоосун дайыма колдоого даярбыз. Адамдар эч нерседен коркпой, өз кыялдарын ишенимдүү кредитор болгон Биринчи МФК аркылуу ишке ашыргысы келип алдыга умтулганда, алардын жашоосу кандайча өзгөрүп жатканын биз көрүп жатабыз.  

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору