Иштесең тиштейсиң

pic
Агро кредиттер

Биз төмөндө баяндап бере турган окуя, эмгек менен гана каалаган максатка жетүүгө болорун айныксыз далилдеп турат. Ыдырыс Курманов ага Нарын шаарында жашайт. Анын эски үйү мурда шаардын четинде эле. Ал адегенде 2012-жылы Биринчи МикроФинансылык Компаниядан 20 000 сом кредит алып, ага мал сатып алып бага баштаган. Алынган каражатты максаттуу пайдалана билгендиктен, кредит менен жашоону жакшыртса болоруна көзү жеткен. Ыдырыс ага ушундан кийин 2014-жылга чейин Биринчи МФКдан дагы эки жолу 20 000 сомдон кредит алып, мал багууну жакшы өздөштүргөн. 
Эми ал семирген малды сатып, Нарын шаарынан үй сатып алат. Жаңы үйгө суу киргизип жана ремонттоо үчүн ал дагы Биринчи МФКга кредит алуу үчүн кайрылат. 20 000 сом кредитти үйүн оңдоого жумшайт. Ыдырыс ага үй-жайын жайлуу кылып алган соң, ишкерликти кеңейтүү тууралуу ойлоп, кайрадан малдын башын көбөйтүүнү көздөйт. Ал бешинчи ирет Биринчи МикроФинансылык Компанияга кайрылып, 60 000 сом кредит алат. Алынган каражатка кайрадан мал сатып алып бага баштайт. 
Семирген малды сатып, андан түшкөн кирешеге “Ауди” автомашинесин сатып алып, эми бош убактысында такси кызматын көрсөтүүнү өздөштүрөт. Ыдырыс Курманов алган кредитин дайыма өз убагында төлөп келген. Ошол себептен Биринчи МФК менен мындай туруктуу кардар ортосунда ишенимдүү ишкер мамиле орногон.

Кредиттин аркасы менен Бишкектен квартира, времянка алса болот! 

Мал сатуудан жана такси кызматынан тапкан каражатына үйгө керектүү оокаттарды – кир жуугуч машина, телевизор, муздаткыч, башка тиричилик техникаларын, эмеректерди сатып алып, жашоосу көз көрүнөө оңолуп баратты. Бирок ушуга эле ыраазы болуп отуруп калгысы келбеди. Анткени Бишкекте жашаган балдарына да жардам бергиси келди. 
Ыдырыс Курманов алтынчы жолу Биринчи МФКга кредит алуу үчүн кайрылганда 65 жашка чыгып калган. Бирок МФКнын Нарындагы филиалы башкы офис менен кеңешип, анын буга чейинки үлгү болорлук кредиттик таржымалын эске алышып, Ыдырыс аганын кайрылуусун кабыл алышты. Эми ал малдын башын дагы көбөйтүү үчүн 80 000 сом кредит алган.
Малды семиртип сатуудан түшкөн кирешеге ал өзү ойлоп жүргөндөй, балдарына Бишкектен квартира сатып берген. Мындан тышкары 5 бөлмө времянка сатып алып, аны 20 000 сомго ижарага берип, бул каражатты неберелеринин керектөөсүнө жумшап келет. 
Азыркы учурда Ыдырыс ага кичүү уулунун үйлөнүү тоюна каражат чогултуп жатат. 3 небересине жардам берип, жашы өйдөлөп калганына карабай, тынымсыз тер төгүп иштеп жатат. Азыр анын чарбасында 20 кой, 3 уй, 3 жылкы бар. Акыркы алган кредитке жылкыларды сатып алган. 
Биринчи МФК Ыдырыс Курмановдун жашоо шарты жакшырып, сапаты да жогорулап жатканына өз салымы бар экендиги менен сыймыктанат. 

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору