Иштин көзүн тапсаң ийгиликке жетесиң!

pic
Бизнеске кредиттер

Бурул Ишекеева жогорку билимдүү технолог-ашпозчу. 1996-жылга чейин Кочкор районундагы коомдук тамактануу жайларынын биринде башкы ашпоз-технолог болуп эмгектенген. Союз тараган маалда жумушунан кыскарган соң, балдарын багуу үчүн өз ишин баштоого белсенген. 1996-жылы Кочкор айылынын борборундагы мамлекеттик ашканалардын бирин ижарага алып, иши токтоп калган ашкананы жандандырып, ишин баштайт. Алгач ишти Кыргыз айыл-чарба финансылык корпорациясынан кредит алып баштаган. 1997-жылы ашкана имаратын менчикке чыгарып алган. Иштин көзүн таап иштеп кетүү Бурул эже үчүн оор деле болгон эмес. Себеби бул тармакта башынан аралашып иштеп жүрүп, баштаган иши ийгиликтүү болоруна ишенген.
2000-жылдарда Бурул эже замандын талабын, башка да атаандаштардын пайда болуп жатканын  байкап, кафени жаңыртууну чечет. “Айыл банкынан» кредит алып, андан тышкары чогулткан каражатын сарптап, кафени капиталдык ремонттон өткөрөт. Кафенин ичин заманбап ремонт жасатып, ичиндеги эмеректерди жана башка керектүү жабдууларды жаңыртат. 

Баштаган ишиңди балаң уласа, кандай бакыт!

Ошол эле убакта эки уулу чоңоюп, алардын Бишкек шаарында жогорку билим алуусуна шарт түзүп, контракт төлөп окутат. 
Улуу баласы Нурдин окуусун аяктаган соң, апасынын жанына Кочкор айылына келип, ФИНКА МККсына иштей баштаган. Кичинесинен апасынын жанында жүрүп бизнестин аркы-беркисин түшүнүп калган Нурдин өз ишин баштоону максат кылып, туристтер менен иштөөнү чечет. 
Ал эми Бурул эже Биринчи МикроФинансылык Компаниядан алгачкы кредитин алып, жашаган үйүнүн эшик-терезелерин алмаштырууга жумшаган. Экинчи алган насыяны кафенин чатырын кайра ремонттоого сарптаган. - Силердин компаниядан алган насыя биз үчүн аябай ыңгайлуу, себеби чакан насыяны жекече, чон күрөөсүз жана негизгиси, арзан пайызда ала алабыз, -  дейт Бурул эже. 

Ар тараптуу бизнес жашоонун оңолушуна гана түрткү берет

Уулу Нурдиндин өз алдынча «Nomad travel» деп аталган туристтик агенттиги иштейт. Кафенин дареги туристтер менен иш алып барган, аларга жол көргөзгөн ири жети  эл аралык  сайттын  баракчаларында көрсөтүлгөн. Ошол себептен Нарын облусуна каттаган көпчүлүк туристтер ушул кафеде тамактанып, Нурдиндин агенттиги  аркылуу саякатташат.  
Туристтердин суроо-талабын байкаган Нурдин кафеге кофе-машина коюп, кофенин түрүн жасап сунуштоону чечет. Каражаты жетишпей калып, Бурул эже менен уулу кайрадан Биринчи МикроФинансылык Компанияга кайрылып, кезектеги насыясын алышкан. Азыркы учурда Кочкор айылы боюнча кофенин түрүн (эспрессо, капучино, латте, мокко, ысык шоколад, какао) кардарларга сунуш кылып келет.
Бурул эже менен уулунун ишкердиги өркүндөп, эже экинчи уулун үйлөнтүп той берди.
Жакында эле Нурдин Кочкор жергесине дагы жаңылык - пейнтбол оюну үчүн аянт ачып, иштетип жатат. 

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору