Жайыт болсо, малды көбөйтүүгө кредит жардам берет

pic
Агро кредиттер

Изаткан Маширапова 59 жашта. Үй-бүлөсү менен Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында жашайт.
Чон-Алай районунун Кара-Тейит айылы деңиз деңгээлинен 2400м бийиктикте жайгашкан. Айылдын климаттык шарты кышкысын 40 градуска чейин суук, ал эми жайкысын 30-35 градус жылуу болот. Кыштын узактыгы 6 ай болуп, абасы кургакчыл. 
Изаткан Маширапованын үй-бүлөсү 2009-жылдан бери Биринчи МикроФинансылык Компания менен тыгыз кызматташып келүүдө. Тоолуу райондо жашагандыктан, бул үй-бүлө дыйканчылык жана мал чарбасы менен  алектенип келет.
Изаткан эженин жубайы Маширапов Шарапидин ушул убакка чейин 4 жолу мал багуу максатында кредит алган. Жайыттын кенендиги мал багууга ыңгайлуу болгондуктан, мындай ишкердүүлүк алардын чарабачылыгын тез эле өнүктүрдү. Натыйжада кара малды 18 башка чейин жеткиришти.

Көптөн күткөн күнөскана

Кийинчерээк мындай климаттык шартта дыйканчылык кылуунун көп түйшүгү ойлондура баштады. Кыш эрте түшүп, жаз кеч келгендиктен, картошка, капуста, сабиз, ашкабак сыяктуу жашылчалардан  жылына бир жолудан гана түшүм алышат. Мындай абал басса-турса да Изаткан эжеге тынчтык бербеди. Ошондуктан ал жашылча жемиштерди өстүрүүнүн сырларын өздөштүрө баштады. Андан кийин үй-бүлөсү менен күнөскана курууга бел байлады. 2014-2015-жылдары өз  күчтөрү менен биринчи күнөскананы куруп бүтүрүштү. Ага  помидор өстүрүп көрүштү. 13-сентябрда помидор көчөттөрүн отургузуп, аларды эки жарым ай бапестеп баккан соң, 1-декабрда алгачкы түшүмдү сатууга чыгарышты. Мээнет өзүн ушинтип актай баштады.
2016-жылы октябрда Биринчи МикроФинансылык Компаниядан  Азия Өнүктүрүү банкынын  «Ишкер аялдарды колдоо» программасынын негизинде, 12 айлык мөөнөткө 100 000 сом кредитти 24 пайыздык чени менен алып, ага экинчи күнөскана курууну башташты. Ал азыркы мезгилде иштетүүгө толук даяр. Бул күнөсканага Изаткан эже бадыраң өстүрүүнү максат кылууда. Күнөскананын жалпы сметасы  386 000 сом болгон. Биринчи МФК тараптан 100 000 сом каржылоо болуп, ага күнөскананын плеенкасын жана кирпичтерин сатып алышкан. Калган курулушун үй-бүлөсү менен  кошумча жумушчу күч колдонбостон, өздөрү бүтүрүшкөн.
Күнөскана кытайлыктардын ыкмасы менен жасалган. Арт жагы таш менен 3 метрге көтөрүлгөн. Таш күндүз күндүн энергиясынан жылуулук топтосо, түнкүсүн жылуулук бөлүп чыгарат. Бул отунду жана электр энергиясын үнөмдөөдө жакшы натыйжа берет. Мындан тышкары тамчылатып сугаруу да ишке ашкан.
Натыйжада узуну 20м, туурасы 7м, бийиктиги 3м болгон күнөскана даяр болуп, эмгекчил үй-бүлөнүн жашоосун жакшыртууга чоң салым кошуп жатат.

Эмгегиң акталып, эл да ыраазы! 

Изаткан эженин ишкер катары өзгөчөлүгү, жашылча жемиштерди өстүрүүдө химиялык жер семирткичтерди колдонбойт. Ошондуктан бул үй-бүлө өстүргөн жашылчаларды бүтүндөй райондун жашоочулары, бала-бакчалар, мектептер ала башташты. Азыркы тапта кардарлар дагы көбөйүп жатат.
“Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат” дегендей, Шарапидин аке менен Изаткан эженин уулдары Жангазы менен Муканбеталы да устачылыкка жакын чыгышты. Алар айылдаштарына зарыл болгон эмеректерди жасашып, бизнестин дагы бир түрүн өздөштүрүп алышты.

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору