Башкаларга өрнөк болчу инсан

pic
Күрөөсүз Турак Жай Ондоого Насыялар

Башкаларга өрнөк болчу инсан

Биздин кезектеги каарманыбыз, Биринчи МикроФинансылык Компания менен 5 жылдан бери тынымсыз байланышта болуп, үзүрлүү эмгектенип келген Гүлүйпа Жумабаевна Култаева болмокчу.

Гүлүйпа эже Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы орто мектептин математика мугалими болуп эмгектенип, көп жылдан бери балдарга билим, тарбия берип келет. Аны менен бирге өз балдарына ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп, татыктуу тарбия берүүдө. Балдарын өзү жалгыз багып жаткандыктан үй шартын оңдоо,  кеңейтүү  маселелери каарманыбыздын мойнунда эле. Ай сайын алган маянаны чогултуп бир нерсени өзгөртүү кыйын болгондуктан, тааныштарынын сунушу менен, Биринчи МФКнын кардары болот. 

Аял  бактылуу эне, жайлуу үйдүн очок ээси болгусу келет...

Алгачкы кредитти 2011-жылы үйүн ремонттоо үчүн 50 000 сом алып иштетүүдөн баштаган. Алынган каражатты максаттуу иштетип, өз убагында төлөп бүтөт. Кредитти туура пайдалануу менен көптөгөн иштерин бүтүрүүгө мүмкүн экендигин Гүлүйпа эже түшүнүп калган. Компаниянын насыя берүү шарттары каарманыбызга ыңгайлуу болгондуктан, үйдүн ремонтун толук бүткөрүү максатында кайрадан 50 000 сомдон экинчи жана үчүнчү кредиттерин алып иштетип, аларды өз убагында кайтарууну аяктады. 
Эми балдарды окутуп, үйлөнтүп, турмуш жолуна аттандыруу ата-эненин милдети деп билген каарманыбыз, дагы кошумча каражат булактарына муктаж эле.
Тааныштарынын жардамы менен Ош шаарынын борбордук базарынан соода орунун алып, ал жерде кийим-кече сатуу менен алектене баштайт. Бирок товардын түрү аз болгондуктан соода жакшы жүрбөй жаткандыгын байкап, товардын ассортиментин көбөйтүү максатында, 3 жылдан бери ийгиликтүү иштешип, ишенимге кирип калган Биринчи МФКга кайрылып, кайрадан 100 000 сом насыя алат. Алынган каражатты туура пайдалангандыктан, товардын түрү көбөйүп, соода жандана баштайт. 

Гүлүйпа эже мугалим гана эмес, эми ийгиликтүү ишкер!

Каарманыбыз өзү сүйгөн мугалимдик кесибин да таштаган жок. Бүгүнкү күндө да ал агартуучу катары жаш муунду турмуш жолуна тарбиялап келет. Соода орунуна ишенимдуу сатуучуну ишке алган. Аны дайыма өзү көзөмөлдөп, товар менен камсыздап турат.
Эми турмуш-тиричиликтин муктаждыктары чечиле баштады. Бүгүнкү күндө Гүлүйпа эже жогоруда аталган компания менен тыгыз байланышта болуп, азыр алтынчы кредитин алып, ишкердүүлүгү кеңейип жаткан учуру. Гүлүйпа эженин ушундай өрнөктүү иштерине ийгилик каалап, балдарына бактылуу энелик мээримин төгүп, жашоосу өзү каалаган жолго түшүүсүнө тилектеш экенибизди билдиребиз.

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору