Чечкиндүү адамдар гана ийгиликке жетишет

pic
Бизнеске кредиттер

Чечкиндүү адамдар гана ийгиликке жетишет

Бир нече жыл мурдагы оор абалы аны туура жолго түрткү бергени, Эркиналинин дагы эле эсинде. Айылдагы айлыктын аздыгынан, үй-бүлөсүнүн кыйналганынан акыры өз ишин баштоого бел байлады. Эркинали Дияров Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу Чагыр айылында сүйүктүү жубайы, балдары менен жашайт. 
Азыркы учурда Эркинали Дияровдун чакан мал чарбасы, жүргүнчү ташуучу өзүмдүк “Мерседес-Бенц” спринтер автомашинасы бар. Алдына максат кое билген, жашоо турмушу оңолгон айылдагы үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарында. 

Жашооңду оңдогуң келсе, кредиттен коркпо!

Бирок азыркы абалга жетүү оңой болгон жок. Кредит алып иш баштабаса болбой турганына көзү жеткен Эркинали адегенде өзүнө керектүү маалыматтардын баары менен таанышып, үй-бүлөсү менен кеңешкен соң алгачкы кадамды таштаган. Ал Биринчи МикроФинансылык Компаниядан алгач мал чарбачылыгы үчүн 200 000 сом кредит алган. Берилген мөөнөттө андан кутулган соң, Эркинали экинчи жолу Биринчи МФКдан дагы 200 000 сом кредитти дагы алып, мурда баштаган ишин уланткан. Ал баштаган иши өргө кетип жатканына көзү жетип, үчүнчү ирет аталган компаниядан 60 000 сом кредит алган. 

Эки жактуу ишенимдин натыйжасы – өнүгүп жаткан бизнес!

Албетте, ушундан соң компания менен кардар ортосундагы ишкер мамиле дагы бекемделип, бири-бирине болгон ишеним арткан. Мал чарбасын өзү каалагандай жолго коюп алган соң, Эркинали эми айылдаштары жөнүндө ойлоно баштады. Себеп дегенде Мады менен Чагыр айылдарынын ортосунда каттаган жүргүнчү ташуучу кичи автобус дайыма эле убагында каттай берчү эмес. Айылдаштарынын муктаждыгын байкаган Эркинали Биринчи МФКдан эми башка максатта, эки айылдын ортосунда элдин каттоосун жолго коюу үчүн, жүргүнчү ташуучу кичи автобус сатып алууну көздөдү. Бир чети мал чарбачылыгы менен алектенип бүткөн соң бош убактысы бар эле, экинчи жагынан балдары чоңоюп мектепке бара баштагандыктан, аларга дагы жакшы шарт түзүү зарыл болчу. Бардыгын таразалап көрүп, мурдагыдай эле ишенимге кирип калган компанияга кайрылды. Бул жолу 250 000 сом кредит алып, ага дароо эле “Мерседес-Бенц” спринтерин сатып алды. Эркинали ойлогон оюн ишке ашырса, Мады айылынын жашоочулары жана Чагырдагы айылдаштары эки жакка кыйналбай каттап калышканына ыраазы болушту. 

Ошентип, Эркинали Дияров азыркы тапта Биринчи МикроФинансылык Компаниядан төртүнчү жолу насыя алган ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү кардарлардын бири болуп калды.      

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору