Насыя төмөнкүдөй максатта берилет:
- Үйлөрдү, квартираларды, бизнес үчүн имаратты (толук же жарым-жартылай) ремонттоого;
- Курулушка (курулушту аяктоого), үйлөрдү/квартираларды же болбосо бизнестин имараттарын кайра курууга, анын ичинде табигый кырсыктардын натыйжаларын жеңилдетүү максатында;
- Аба алмаштырууну (вентиляция), энергияны сактоону жакшыртууга, санитардык шарттарды жакшыртууга;
- Жер участокторун сатып алууга.
Насыя берүү шарттары:
- Валютасы: сом;
- Суммасы: 10 000 ден 200 000 сомго чейин;
- Пайыздык чени*: 33%
- Кассалык тейлөө комиссиясы: 0% (31-га декабрга чейин гана)
- Насыялоо мөөнөтү:3 айдан 24 айга чейин
- Жеңилдетилген мөөнөтү: 3 айга чейин
- Камсыздоо: күрөө жана кепилчилик
Зайымчыларга карата талаптар:
- Жашы 18ден 65ке чейин;
- Ремонт жасала турган турак-жай, карыз алуучунун же анын жакын тууганынын наамында болушу керек;
Документтердин тизмеси:
- Карыз алуучунун, анын жубайынын паспортторунун, нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Иштеген жеринен маянасы (6 айга) жөнүндө маалымат, пенсиясы тууралуу маалымат;
* натыйжалуу пайыздык чени: 38.48%
Натыйжалуу пайыздык чени КР УБнын формуласы менен 100 000 сомго 12 ай мөөнөтүнө саналат. Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык төлөө тартибин сунуштайт.
Бардык Убакыт үчүн Төлөмдөрдүн Жалпы Суммасы
Насыя боюнча пайыздык өлчөмү
Жалпы Ай Сайын Төлөм
Насыянын так көрсөткүчтөрү Биринчи МФК тарабынан насыяга арызды карап чыгуудан кийин эсептелинет.