Боронов Талант аймактык менеджер катары 2015-жылы компанияга кошулду. 2021-жылдын апрелинен тартып Операциялык директордун милдетин аткаруучу болуп иштейт. 17 жылдан ашуун насыялоодо иштеген тажрыйбасы бар. Менеджердин, чакан бизнес бөлүмүнүн башчысынын жана "Казкоммерцбанк Кыргызстан" ААКнын филиалынын директорунун (Ош филиалы) позицияларында иштеп,  банк секторунда 11 жылдан ашык иш  тажрыйбасын топтоду.

Талант Боронов "Финансы жана кредит" адистиги боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетте магистр даражасына ээ болгон. Ошондой эле Россия социалдык университетинин Ош шаарындагы филиалынын "Юриспруденция" адистиги боюнча экинчи жогорку билими бар.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) "Кыргыз Республикасындагы Микро жана чакан каржылоо программасынын" алкагында чакан ишканаларды насыялоо боюнча сертификацияланган адис болуп саналат.

 

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору