Ришат Мухамеджанов

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн чечими менен 03.05.2021 жылдан баштап «Биринчи МФК» ЖАКнын Башкы директору болуп Мухамеджанов Ришат Равильевич шайланды. 

Ришат Мухамеджанов Компанияга Операциялык директор катары 2012-жылы кошулган. Банк иши, микрокаржылоо жана  чакан жана орто бизнести насыялоо чөйрөлөрүндө эл аралык компанияларда 15 жылдан ашык иш тажрыйбасына ээ. 9 жыл Топ менеджер позициясында иштеген. 6 жыл Банк секторунда «Казкоммерцбанк Кыргызстан» ААКда (Ош филиалы) Менеджер жана ЧОБ Насыялоо бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган. 

 

Эл аралык микрокаржылоо компаниясын корпоративдик башкаруу, персоналды башкаруу, долбоор менеджменти, процесстерди түзүү жана оптималдаштыруу, инновацияларды киргизүү, компанияларды кайра уюштуруу жана трансформациялоо, санарип каржы кызматтары жаатында эксперт.

 

Банктар бирикмесинде, Насыя маалыматын колдонуучулар ассоциациясында, Насыя бюросунда, Прагадагы Эл аралык микрокаржылоо борборунда (MFC) Компаниянын өкүлү, Микрокаржылоо уюмдарынын ассоциациясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү.    

 

Ришат Мухамеджанов Жусуп  Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча магистр даражасына ээ.  Франкфурт каржы жана менеджмент мектебинин Микрокаржылоо жана ЧОБ  боюнча эл аралык тастыктамаланган адиси.

 

Тизмеге Кайтуу
Жогору