Биринчи МФКнын Директорлор кеңеши, финансы тармагы боюнча уникалдуу тажрыйбага жана эл аралык практикага бай профессионалдардан түзүлгөн. Алар Биринчи МФКнын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн, эффективдүү стратегияларды жана сунуштарды иштеп чыгышат. 

Директорлор кеңешинин төрагасы

  • Салим Нооруддин Дживани

Салим Дживани 2016-жылы Кеңештин төрагасы болгон. Ал алыскы аймактарда жашаган калктын аялуу катмарынын жашоосун жакшыртуу менен жакырчылыкты кыскартуу жана микрофинансылоо тармагы боюнча эксперт болуп эсептелет.
Салимдин микрофинансылоо тармагында, ошондой эле USAID долбоорлорунда жана Бүткүл  Дүйнөлүк банкта иштеген 40 жылдык тажрыйбасы бар. Ал Пакистандын, Афганистандын, Бангладештин, Египеттин, Сириянын, Румыниянын, Тажикстандын жана Кыргызстандын финансылык мекемелеринде иштеген. Салим дипломдуу бухгалтер.
Директорлор кеңешинин мүчөлөрү

  • Надя Ладак

Надя Ладак HSBS Australiaнын эл аралык корпоративдик банктык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн башчысы. Түндүк Америкада, Азияда, Австралияда жана Жакынкы Чыгышта банк тармагындагы 20 жылдык тажрыйбага ээ. Надя Торонто Университетинин өнөр жай машиналарын куруу тармагында прикладдык илимдин бакалавры даражасын алган. Ал ошондой эле Батыш Онтарио Университетиндеги Ричард Айвинин бизнес мектебинен бизнести башкаруу боюнча магистрлик даражага ээ болгон. 

  • Бенуа Детуш

Бенуа Детуш 2012-жылдан бери Ага Хандын Микрофинансылоо боюнча Агенттигинин (АКАМ) финансылык директору болуп иштеп келе жатат. Бул  багытта, микрофинансылоо жана финансылык менеджмент тармагында 16 жылдык иш тажрыйбасы бар адис. Ал ESSES Paris бизнести башкаруунун бакалавры жана Sciences Po Paris эл аралык мамилелер тармагы боюнча магистри даражаларынын ээси. 

  • Брамптон Манди

HSBS Groupта иштеген 30 жылдык тажрыйбасы бар Брамптон Манди Европанын түрдүү өлкөлөрүндө, Жакынкы Чыгышта, Түштүк Чыгыш Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Биринчи МФКга чейин ал Тажикстандагы “Биринчи МикроФинансылык Банктын” башкы директору кызматында болчу. Брамптон Оксфорд университетинин укук боюнча бакалавр даражасынын жана Лондон университетинин эл аралык укук боюнча магистр даражасынын ээси. 

  • Садруддин Акбарали

Садруддин Акбарали микрофинансылоо, тобокелчиликтерди башкаруу жана ишканаларды өнүктүрүү боюнча эксперт болуп эсептелет. 2001-жылдан 2009-жылга чейин ал Борбордук Азиянын, Африканын жана Жакынкы Чыгыштын тогуз өлкөсүндө микрофинансылоо боюнча программаларды иштеп чыгып, өнүктүрүп жана көзөмөлдөп келген. Садруддин Уэльстеги Англиянын дипломдуу бухгалтерлер Институтунун мүчөсү жана Салык салуунун Чартердик Институтунун ассоциацияланган мүчөсү болуп саналат. 

Микрофинансылоо боюнча Ага Хан Агенттиги

60 жылдан бери Ага Хандын Өнүктүрүү боюнча (AKDN) уюмунун ар кандай агенттиктери, микрофинансылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүгүүнүн комплекстүү программалары аркылуу сунуш кылып келет.  
Бул программалар Ага Хандын Микрофинансылоо боюнча Агенттигинин (АКАМ) алкагында бириктирилген. АКАМ Биринчи МикроФинансылык Компаниянын жалгыз акционери болуп эсептелет. Агенттиктин башкы максаты – алыскы аймактардагы айылдардын жашоочуларына финансылык кызматтарды көрсөтүү. 

Жогору