«Биринчи МФК» Бишкекте филиалын ачты

«Биринчи МФК» Бишкекте филиалын ачты

«Бүгүн Чүй проспекти, 178 (Уметалиев көчөсү менен кесилиште) дареги боюнча жайгашкан “Биринчи МФКсынын” («Первая МикроФинансовая Компания) Бишкектеги алгачкы филиалынын расмий ачылуу салтанаты болуп өттү.   

«Биринчи МФК»  ЖАКнын Башкы директору Стефан Мартиняктын айтуусу боюнча Бишкекте филиалды ачуу - башаты Кыргызстандын түштүгүндө 2006-жылы башталган компаниянын өнүгүшүнүн стратегиялык милдеттеринин бири болду.  “13 жылдын ичинде компания Ага Хандын Микрокаржылык программасынан  микрофинансылык компаниясына ийгиликтүү өзгөрүүгө чейин  өнүгүүнүн туруктуу жолун басып өттү.  Бул мезгилдин ичинде “Биринчи МФК” 1 млрд. сомдон жогору жалпы активи жана 17 миңден ашуун кардарларды камтыган  кардардык  базасы менен өлкөдөгү чоңдугу боюнча экинчи микрофинансылык уюм боло алды. Алыскы айыл аймактарында жашаган кардарлар менен иштешүүнү улантып,  өзгөчө көңүлдү биз каржылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, фермерлерге, агрардык секторго, чакан жана орто бизнеске бурабыз.   Эми биз Бишкектеги кардарларыбыз үчүн  жакыныраак жана ыңгайлуураак болуп калдык. Баш калаанын борборунда филиалды ачуу менен пайдалуу финансылык чечимдерди сунуштаган, ишенимдүү өнөктөш бойдон калып, тез, ыңгайлуу жана сапаттуу тейлөө үчүн бардык шарттарды түзгөнгө умтулдук».

«Биринчи МФКнын» миссиясы  - жеткиликтүү жана ишенимдүү финансылык кызматтарды көрсөтүү аркылуу адамдардын кирешелерин көбөйтүүдө жардам берүү менен жашоосунун деңгээлин жана сапатын жакшыртуу.

«Уюштурулган күндөн баштап компания Кыргызстанда 400 миңден ашык адамдардын жашоосуна позитивдүү багытта таасир этип,  Нарын жана Ош облустарынын алыскы аймактарынан 100 миңден ашуун кардарларды тейледи.

«Инновациялык өнүмдөрдү жана аралыктан тейлөө каналдарын өнүктүрүү менен бирге биз Компаниянын филиалдык тармактарын мындан ары да өнүктүрүп өстүрүүнү пландап атабыз. Бишкек филиалы бул компаниянын 14-филиалы. Биз кардарларыбыздын ишеними менен сыймыктанабыз. Муну насыяларыбызды кайтаруунун деңгээли далилдеп келет – 99,5% кардарларыбыз насыяларды өз убагында кайтарып турушат. Мен кардарларга жоопкерчиликтүү жана ачык-айрым мамилебиз, Кыргызстандын аймактарында финансылоого жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүбүз, кесипкөй командабыз жана өнөктөштүк менен кызматташтыкка ачыктыгыбыз рынокто ордубузду бекемдөөгө жана Кыргызстандын калкынын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча компаниянын алдына коюлган максаттарына  жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүнө ишенемин”, - деп “Биринчи МФКнын” Операциялык директору Ришат Мухамеджанов  белгилеп өттү.  

«Расмий ачылышына катышкан, Бишкектеги филиалдын кардарларынын алгачкыларынын бири Закир Сулаймановдун айтуусу боюнча “Биринчи МФКнын” насыялоо шарттары жөнөкөй, түшүнүктүү жана пайдалуу. «Компаниянын филиалы менин жумушума жакын жайгашкан. Азыр убакыт аябай баалуу ресурска айланды, ошондуктан “Биринчи МФКда” күрөөсүз насыяларга, өтүнмөлөрдү тез кароого, минималдуу документтер топтомуна жана кредиттик линия ачуу мүмкүнчүлүгүнө баа бердим”, - деп ал  белгилеп кетти.  

Маалымат иретинде:

«Биринчи МФК» («Первая МикроФинансовая Компания») ЖАКсы Швейцариянын Женева шаарында негизделген Микрофинансылоо боюнча Ага Хан агенттиги тарабынан түзүлгөн. «Биринчи МФК» өз ишин 2003-жылы алыскы Алай жана Чоң-Алай аймактарында  долбоордун алкагында баштаган. 2006-жылдын октябрь айында компания расмий түрдө микрокредиттик компания катары катталган. 2017-жылдын сентябрь айында «Биринчи МФК»  Микрофинансылык компанияга трансформацияланып, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын лицензиясын алды. Азыркы учурда компаниянын 14 филиалы бар, алардын ичинен 10 Ош облусунда, 3 Нарын облусунда, 1 Бишкекте жайгашкан. Компания 17 000 ашык кардарларды тейлеп келет, алардын 90% айлы жергелеринен кардарлар.   Насыялар мал чарбачылыгы жана айыл чарбасы, соода-сатык, чакан жана орто бизнес, жашоо шарттарын жакшыртуу жана билим берүү сыяктуу республика үчүн стратегиялык тармактарда берилет.   

Тизмеге Кайтуу
Жогору