«Биринчи МикроФинансылык Компания» жана USAIDдин Агро горизонт долбоору аймактарда финансылык тейлөөлөргө инновациялык жеткиликтүүлүктү ишке берүүдө

 «Биринчи МикроФинансылык Компания» жана USAIDдин Агро горизонт долбоору аймактарда финансылык тейлөөлөргө инновациялык жеткиликтүүлүктү ишке берүүдө

2017-жылдын июль айында ЖАК «Биринчи МикроФинансылык Компания» жана USAIDдин Агро горизонт долбоору фермерлерди каржылоодо алардын финансылык ресурстарга жетүүсүн инновациялык жолдорду ишке берүү аркылуу жеңилдетүү максатында Гранттык макулдашууга кол коюшту.

Насыялоону автоматташтыруу арызды калыптандыруудан баштап, насыяны берүүгө чейинки бардык иш жүрүшүн жөнөкөйлөштүрүүгө жана тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле берилүүчү насыялардын санынын алда канча көбөйүшүнө жана адистердин ишин оптимизациялоого өбөлгө болмокчу. Мындан тышкары электрондук документ жүгүртүү адамдык фактордун таасиринин тобокелдигин кыскартат жана кайрадан иштетүүнү, документтердин борборлоштурулган жана ишенимдүү сакталуусун, ошондой эле электрондук архивге структуралык жетүүнү камсыздайт.

«Биринчи МикроФинансылык Компания» 12 жылдан берки ишинде фермерлерди насыялоо тармагында бир кыйла тажрыйба топтоп алды, ал эми компаниянын МикроФинансылык Уюмга айланышы анын ишмерчилигин кеңейтүү үчүн жана финансылык продуктуларды жана тейлөөлөрдү сунуштоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мында биздин кардарлардын ыңгайлуугу үчүн насыяларды берүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча иш үзгүлтүксүз жүргүзүлөт, себеби кардарларыбыздын муктаждыктары жана ой-максаттары биз үчүн дайыма биринчи орунда турат! Насыялоо ишинде электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү – бул дагы бир инновациялык чечим, ал жер-жерлердеги кардарлардын бизнесине экспресс-баалоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана фермерлердин убактысын, чыгымдарын үнөмдөйт. Муну биздин кардарлар сөзсүз баалашат», - деп белгиледи Компаниянын Башкы директору Стефан Мартииняк.

Инновацияны ишке киргизүү компаниянын Ош жана Нарын облустарындагы филиалдарында болуп өттү. Бул биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун жакшы тажрыйбасы өлкөбүздүн фермерлерин финансылык жактан тартуунун деңгээлинин жогорулашына, ошондой эле электрондук документ жүгүртүү аркылуу калкты аралыктан туруп тейлөөнүн өнүгүшүнө сезилээрлик түрткү бермекчи.

Тактама маалымат:

USAIDдин Агро горизонт долбоорунун максаттары: айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана рыноктор менен болгон байланышын жөнгө салуу, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, айыл чарба ишканаларынын финансылоого жетүүсүн жеңилдетүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү. Долбоор агроишканалар менен кызматташып, алардын чийки азыктык базасын өнүктүрүүгө, ишкана жайларын жана жабдууларын жаңыртууга, сапат стандарттарын жана тамак-аш азыктарынын тазалыгын камсыздоого, башкаруу тармагын жакшыртууга жана сатып-өткөрүү рыногун кеңейтүүгө салым кошуп келе жатат.

ЖАК Биринчи Микрофинансылык Компаниясы - Микрофинансылоо боюнча Ага Хан Агентчилиги тарабынан түзүлгөн, штаб-квартирасы Швейцарияда жайгашкан жана азыркы учурда анын Кыргызстанда 13 филиалы бар. Микрофинансылоо боюнча Ага Хан Агентчилиги Ага Хандын Өнүгүү боюнча бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Биринчи Микрофинансылык Компания –Кыргызстандагы микрофинансылык тейлөө сегментинде көлөмү боюнча экинчи орунда турат. Компания 14 000 ашуун кардарларды тейлөөдө, алардын 44% аялдар жана жалпы кардарлардын 90% айыл жерлеринде турушат. Компания Республика үчүн стратегиялуу багыттар болуп эсептелген: мал чарбачылыгын жана айыл чарбасын, соода, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн, о.э. турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу багыттарга пайдалуу пайыздык чендер боюнча насыяларды сунуштап келе жатат.

Тизмеге Кайтуу
Жогору