Биринчи МикроФинансылык компания Кыргызстандын чакан жана орто ишканаларын каржылоо үчүн Өнүктүрүүнүн жана Реконструкциялоонун Европалык Банкынан (ЕБРР) жалпы суммасы 1 млн. АКШ долларын түзгөн насыяны улуттук валютада алууда

Биринчи МикроФинансылык компания Кыргызстандын чакан жана орто ишканаларын каржылоо үчүн  Өнүктүрүүнүн жана Реконструкциялоонун Европалык Банкынан (ЕБРР)  жалпы суммасы 1 млн. АКШ долларын түзгөн насыяны улуттук валютада алууда

Биринчи МикроФинансылык компания 12 жылга созулган мезгилден бери, сом түрүндөгү насыялар кирешени сом түрүндө алышкан ишкерлер үчүн өзгөчө пайдалуу жана ыңгайлуу болгондуктан, каржылоону жергиликтүү валютада сунуштап келе жаткандыгын белгилеп кетсек болот. Ушундан улам Биринчи МикроФинансылык компаниянын кардарлары адатта доллардык насыяларды жандап жүрүүчү валюталык тобокелчиликтерден корголуп турат десек болот.

«Бул насыя каржылык колдоого өзгөчө муктаж болушкан Кыргызстандагы чакан жана орто ишканалардын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт. Курстук туруксуздукту эске алганда, алмаштыруу курстарындагы өзгөрүлүү тобокелчиликтерине кабылып калбоо насыя алуучулар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биринчи МикроФинансылык компаниянын бай тажрыйбасы бул биргелешкен ийгиликтүү иш-чаранын дагы бири боло тургандыгына бизге ишеним берет»,- деп белгиледи Борбордук Азия боюнча ЕБРРдин аймактык директору Нил Маккейн.

Биринчи МикроФинансылык компаниянын башкы директору Штефан Мартииняк буларды кошумчалады: «Кыргыз сомундагы насыялар биздин кардарларыбызга өздөрүнүн бизнестерин өнүктүрүүнү улантууга жана үй-бүлөлүк кирешелерин жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Биринчи Микрофинансылык компания жана ЕБРР кардарларга пайдалуу насыяларды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын алыскы жана тоолуу райондорундагы жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча дайыма кызматташып келе жаткандыгына биз кубанычтабыз».

Биринчи МикроФинансылык компания жана ЕБРР 2013-жылдан бери чогуу иштеп келе жатышат. Чакан жана орто бизнестин финансылык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган бул насыя ЕБРРдин Биринчи МикроФинансылык компания үчүн берип жаткан төртүнчү насыясы.

Кошумча маалымат:

ЕБРР бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын экономикасынын ар кандай секторлору үчүн 770 млн. АКШ долларын инвестициялады, мында инфраструктура тармагындагы долбоорлор инвестициялардын жалпы көлөмүнүн үчүнчү бөлүгүн түзөт. ЕБРР дүйнөнүн үч континентиндеги 37 мамлекеттин экономикасындагы жеке секторду жана ишкерлик демилгелерди алга сүрөгөн көп багыттуу банк болуп эсептелет. Банк 66 мамлекетке, ошондой эле Евробиримдикке жана ЕИБге таандык. ЕБРРдин инвестициялары өз аймактарындагы экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүү, инклюзивдүү, башкарыла турган, экологиялык жактан жашыл жана интеграцияланган болушуна багытталган.

ЖАК Биринчи МикроФинансылык Компаниясы - МикроФинансылоо боюнча Ага Хан Агентчилиги тарабынан түзүлгөн, штаб-квартирасы Швейцарияда жайгашкан жана азыркы учурда анын Кыргызстанда 13 филиалы бар. Микрофинансылоо боюнча Ага Хан Агентчилиги Ага Хандын Өнүгүү боюнча бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Биринчи МикроФинансылык Компания–Кыргызстандагы микрофинансылык тейлөө сегментинде көлөмү боюнча экинчи орунда турат. Компания 14 000 ашуун кардарларды тейлөөдө, алардын 44% айымдар жана жалпы кардарлардын 90% айыл жерлеринде турушат. Компаниянын насыялык портфели 12,9 млн. АКШ долларын түзөт. Компания Республика үчүн стратегиялуу багыттар болуп эсептелген: мал чарбачылыгын жана айыл чарбасын, соода, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн, о.э. турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу багыттарга пайдалуу пайыздык чендер боюнча насыяларды сунуштап келе жатат.

Тизмеге Кайтуу
Жогору