Урматтуу кардарлар!
Өлкөдөгү учурдагы кырдаалга байланыштуу бүгүн, 2020-жылдын 6-7 октябрында, «Биринчи МФКнын» бардык филиалдары жабык болот.
Бүгүн банк кеңселери дагы иштебегендиктен, ар кандай каржы операцияларын жеткиликтүү терминалдар аркылуу жүргүзүүнү суранабыз.
Насыяны төмөнкү жолдор аркылуу төлөй аласыз:
✅ Төлөм терминалдары аркылуу:
- UMAI төлөм системасынын
- Beeline мобилдик операторунун
- Pay24
✅ Электрондук жана мобилдик капчыктар аркылуу:
- «Элсом»
- Balance.kg
- MegaPay
Маанилүү! Төлөм терминалдары аркылуу төлөм жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү тандаңыз:
Жөнөкөй насыя же «Ыкчам» насыясын тандайсыз, андан кийин өзүңүздүн кардардык номериңизди киргизиңиз – 7 сан.
Эгерде кардардык номериңизди унутуп калсаңыз же билбесеңиз, кредиттик адис менен байланышыңыз.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Колл-центр: 0 (555) 788 004.