Ага Хан Өнүктүрүү Уюму Кыргызстандагы медициналык мекемелерге жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

Ага Хан Өнүктүрүү Уюму  Кыргызстандагы медициналык  мекемелерге жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

Бир нече облустук администрациялардын өтүнүчтөрүнө жана түздөн-түз алдыңкы сапта иштеп жатышкан медициналык адистердин курчуп келе жаткан муктаждыктарына жооп катары Ага Хан Өнүктүрүү Уюму (АКДН) Кыргызстандын бир катар ооруканаларына жана медициналык мекемелирине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды.

Аталган колдоо Кыргыз Республикасында иштеп жаткан АКДНдин агенттиктери тарабынан каржылоо аркылуу ишке ашырууга мүмкүн болду. Атап айтканда алар: Биринчи МФК, Ага Хан Фондусу, Борбордук Азия Университети, Кыргыз инвестициялык-кредит банкы, жана Jubilee Kyrgyzstan камсыздандыруу компаниясы.

20-апрелде медициналык коргонуу каражаттарын, анын ичинде чоң партиядагы комбинезон, респиратордук бет кап, коргоочу көз айнек, медициналык мээлейлерди ж.б.у.с. коргонуу каражаттарын өткөрүп алып жатып, медициналык кызматкерлердин атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Абдраимов мырза мындай деп баса белгиледи: «Бул өтө зарыл болуп турган жакындан көрсөтүлгөн колдоо деп эсептейбиз. Баардык дарыгерлердин жана эмчи айымдардын, ошондой эле Нарын облусунун жашоочуларынын атынан Ага Хан Өнүктүрүү Уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Учурдан пайдаланып АКДН биздин өнүктүрүү боюнча узак убакыт өнөктөшүбүз жана ынак досубуз экенин баса белгилеп кетмекчимин».

Буга чейин АКДН ушуга окшогон 500 комплект жекече коргонуу каражаттарын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы медициналык мекемелерге тартуулаган эле. «Бул жеке коргонуу каражаттары биздин врачтар үчүн эң зарыл болгон каражаттар болуп эсептелет. Биз бул жардамды жогору баалайбыз», - деди Оштогу облус аралык оорукананын башкы дарыгери Талантбек Арстанкулов мырза. Ошондой эле АКДН Жалал-Абад облусуна дагы санитардык-эпидемиологиялык иштерди жүргүзүү үчүн жугушсуздандыруучу каражаттарды берди.

АКДНдин агенттиктери тарабынан берилип жаткан жардамдарды белгилөө менен аталган Уюмдун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакха мырза: «Биз өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатып көбү COVID-19 вирусунан жабыркаган кайраттуу медициналык кызматкерлерге өзгөчө көңүл буралы деп чечтик. Анткени алар өзүлөрүнүн өмүрлөрүн тобокелдикке салып жатышат. Ошондой эле таажы илдетинин таралышын ооздуктоо боюнча өз үбагында жана жигердүү иш алып барып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баардык деңгээлдеги мекеме-ишканаларына терең ыраазычылык билдирем».

Маалымат үчүн: Ага Хан Өнүктүрүү Уюму (АКДН) – бул менчик, эл аралык, коммерциялык эмес, диний эмес Улуу даражалуу Ага Хан тарабынан негизделген уюм болуп эсептелет. АКДНде дүйнөнүн 30дан ашык өлкөлөрүндө 96000дин тегерегинде кызматкерлер эмгектенип жатышат. Аталган Уюмдун агенттиктери өнүктүрүүнүн комплекстүү маселелери менен алектенишет. Алардын катарында: сапаттуу медициналык жана билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү, маданий жана экономикалык кайра жаралуу, ошондой эле экономикалык өнүктүрүү, жарандык коомду өнүктүрүү жана курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо. АКДН адамдардын динине, расасына, этникалык тегине же жынысына карабастан жашоо шартын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү интернет баракчасы менен таанышсаңыз болот: www.akdn.org.

Тизмеге Кайтуу
Жогору