Эми насыялык төлөмдөрдү «MegaPay» электрондук капчыгы аркылуу төлөсө болот

Эми насыялык төлөмдөрдү «MegaPay» электрондук капчыгы аркылуу төлөсө болот

Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн «Биринчи МФК» өз өнөктөштүк тармагын кеңейтүүнүн үстүндө дайыма иштеп турат. Эми насыялык төлөмдөрдү «MegaPay» электрондук капчыгы аркылуу төлөсө болот.

Сиздердин назарыңызга «MegaPay» электрондук капчыгы аркылуу насыяны төлөө боюнча толук нускаманы тартуулайбыз:

1️⃣ Play Market/Apple Store тиркемелер дүкөндөрүнөн тиркемени жүктөп алгыла, катталгыла;
2️⃣ Капчыкты каалаган төлөм терминалы аркылуу толуктаңыз;
3️⃣ «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз ➡️ «Кызматтар» ➡️ «Финансы» ➡️ «Биринчи МФК»;
4️⃣ Өзүңүздүн насыяңызды тандаңыз: Биринчи МФК Ыкчам же Биринчи МФК (кадимки насыя);
5️⃣ Өзүңүздүн кардар номуруңузду – карыз алуучунун кодун (Насыя келишиминин насыяны төлөө графигинде көрсөтүлгөн жети сандан турган номур) терип киргизиңиз;
6️⃣ Төлөп жабуу үчүн сумманы терип киргизиңиз, андан арыны басыңыз.

Маанилүү: Иш күнү 16:00гө чейин терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу толуктоолор жана насыяны төлөп жабуулар учурдагы күн менен кошулуп эсептелинет. Иш күнү 16:00дөн кийин толуктоо жана насыя боюнча төлөмдөр кийинки иш күнү менен кошулуп эсептелинет.

«MegaPay» электроннук капчыгы менен иштөө боюнча толук маалымат төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:  https://www.megacom.kg/megapay/ru.html

✅ Эскертебиз, «Биринчи МФКнын» насыяларын «Элсом», «MegaPay» жана «Balance.kg» мобилдик жана электрондук капчыктары аркылуу төлөсө болот.

Байланыш номери: 0555 788 004

Тизмеге Кайтуу
Жогору