Биринчи МФКнын кредиттерин коммерциялык банктардан кантип төлөсө болот?

Биринчи МФКнын кредиттерин коммерциялык банктардан кантип төлөсө болот?

Урматтуу кардарлар,
«Биринчи МФК» сиздин кредиттериңиздин тейлөөсүн жеңилдетүү боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүп жатат.

Эскертебиз, «Биринчи МФКдан» алган кредиттердин баарын бул шилтеме аркылуу көрсөтүлгөн каалаган коммерциялык банктан төлөй аласыз. 
Таблицада «Биринчи МФКнын» эсеби ачылган бөлүмдөрдүн даректери көрсөтүлгөн.

Маанилүү: Бирок төлөмдөрдү ошол банктын каалаган бөлүмүнөн төлөсө болот, ага «Биринчи МФКнын» эсебинин реквизиттерин туура көрсөтүү зарыл.

Коммерциялык банктан кредитти кантип төлөсө болот?

1️⃣ Банктын адисине төлөмдүн максаты тууралуу айтуу керек – «Кредитти төлөө» жана банкта ачылган ЖАК «Биринчи МФКнын» эсебинин номерин (керектүү жерде);
2️⃣ Төлөм дайындоодо төмөнкүнү көрсөтүңүз – «Кредитти төлөө, келишимдин номери, карыз алуучунун аты-жөнү»;
✅ Төлөм үчүнчү жак аркылуу төлөнүп жатса, «(төлөөчүнүн аты-жөнү) аркылуу» деп көрсөтүү зарыл.
✅ 2 же андан көп кредитти бир убакта төлөш керек болсо, бардык келишимдердин номерлерин көрсөтүү керек.
3️⃣ Төлөө алдында банктык квитанциядагы бардык төлөм бөлүктөрү туура көрсөтүлгөнүн дагы бир жолу текшериңиз: алуучунун аталышы («ЖАК Биринчи МикроФинансылык Компания»), банктагы Компаниянын эсеп номери (жогорудагы таблицаны караңыз), төлөм суммасы, кредиттик келишимдин номери, кардардын аты-жөнү ж. б.; 
4️⃣ Төлөө жөнүндө квитанцияны сактап калыңыз;
5️⃣ Биринчи мүмкүнчүлүктө эле кредит боюнча төлөмдү кайсы жерден жана качан төлөгөнүңүздү сизди тейлөөчү кредиттик адиске айтыңыз.

Байланыш номери: 0555 788 004

Тизмеге Кайтуу
Жогору