Насыяны Элсом аркылуу кантип төлөсө болот?

Насыяны Элсом аркылуу кантип төлөсө болот?

Бүгүн сиздерге «Элсом» электрондук капчыгы аркылуу насыяны төлөө боюнча толук нускамасын айтып жана көрсөтүп беребиз.

1⃣ Play Market/Apple Store тиркемелер дүкөндөрүнөн Elsom тиркемесин жүктөп алгыла, катталгыла;
2⃣ Электрондук капчыгыңызды толуктаңыз. Капчыкты толуктоо ыкмасы төмөнкү шилтеме боюнча көрсөтүлгөн: https://www.elsom.kg/kg/?show=/kg/page/terminal.html
3⃣ «Төлөө» буйрутмасын, андан кийин «Насыяны төлөп жабууну» тандаңыз;
4⃣ Өзүңүздүн насыяңызды тандаңыз: Ыкчамды төлөп жабуу же Биринчи МФК (кадимки насыяны) төлөп жабуу;
5⃣ Өзүңүздүн кардар номуруңузду – карыз алуучунун кодун (Насыя келишиминин насыяны төлөө графигинде көрсөтүлгөн жети сандан турган номур) терип киргизиңиз;
6⃣ Төлөп жабуу үчүн сумманы терип киргизиңиз, андан арыны басыңыз.

Маанилүү: Иш күнү 16:00гө чейин терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу толуктоолор жана насыяны төлөп жабуулар учурдагы күн менен кошулуп эсептелинет. Иш күнү 16:00дөн кийин толуктоо жана насыя боюнча төлөмдөр кийинки иш күнү менен кошулуп эсептелинет.

Тизмеге Кайтуу
Жогору