«Биринчи МФК» Жалал-Абадта филиалын ачты

«Биринчи МФК» Жалал-Абадта филиалын ачты

Бүгүн Жалал-Абад ш., Ж.Бакиев көчөсү, 16 дареги боюнча жайгашкан Жалал-Абаддагы алгачкы “Биринчи МФК” филиалынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

“Биринчи МФК” Башкы мүдүрү Стефан Мартиняктын айтуусу боюнча Жалал-Абадда филиалдын ачылышы - башаты Кыргызстандын түштүгүндө 2006-жылы башталган компаниянын өнүгүшүнүн стратегиялык милдеттеринин бири болду. “Бул 15 жылдын ичинде компания Ага Хандын Микрокаржылоо программасынан 1 млрд. сомдон жогору жалпы активи жана 20 миңден ашуун кардарларды камтыган кардардык базасы менен өлкөдөгү эң ири микрофинансылык уюмдардын бирине айланганга чейин ийгиликтүү өнүгүү жолун басып өттү. Өзгөчө көңүлдү биз фермерлерге, агрардык секторго жана микро-, чакан жана орто бизнес ишкерлерине бурабыз, аларга каржылоо жана өсүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөбүз, биз алар менен биргеликте өсүп-өнүккүбүз келет”.

“Биринчи МФК” миссиясы - жеткиликтүү жана ишенимдүү финансылык кызматтарды көрсөтүү аркылуу адамдардын кирешелерин көбөйтүүдө жардам берүү менен жашоосунун деңгээлин жана сапатын жакшыртуу. Негизделген күндөн баштап компания Кыргызстанда 500 миңден ашык адамдардын жашоосуна позитивдүү таасир этип, Нарын облусунун алыскы аймактарынан, Ош облусунан жана Бишкек шаарынан 100 миңден ашуун кардарларды тейлей алды. «Жалал-Абад филиалы – бул кыргызстандыктардын биздин финансылык өнүмдөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн дагы көбүрөөк кеңейткен компаниянын 15-филиалы. Алыскы элет аймактарында жашаган кардарларды микрокаржылоодо жана алар менен иштөөдө чоң тажрыйба бизди кардарларыбыздын убакытын жана акчасын баалоону үйрөттү. Биздин бардык насыяларды кеңсеге келбей эле төлөп жапса болот: электрондук жана мобилдик капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу. Мындан башка эми Элсом электрондук капчыкка саналуу мүнөттөрдө эле келип түшкөн жаңы Ыкчам санарип насыянын артыкчылыктарын Жалал-Абаддын тургундары да колдоно алат”, - деп “Биринчи МФКнын” операциялык директору Ришат Мухамеджанов белгилеп өттү.

Расмий ачылышына катышкан, Жалал-Абад филиалдын кардарларынын алгачкыларынын бири Эркин Джамашевдун айтуусу боюнча “Биринчи МФКнын” насыялоо шарттары жөнөкөй, түшүнүктүү жана пайдалуу. «Компаниянын филиалы менин жумушума жакын жайгашкан. Азыр убакыт аябай баалуу ресурска айланды, ошондуктан “Биринчи МФКда” күрөөсүз насыяларга, өтүнмөлөрдү тез кароого, минималдуу документтер топтомуна жана кредиттик линия ачуу мүмкүнчүлүгүнө баа бердим”, - деп ал белгилеп кетти. 

Тизмеге Кайтуу
Жогору