Биринчи МФК «Бизнестеги аялдар» программасынын Кыргызстанда биринчи өнөктөшү болду

Кыргыз Республикасындагы ишкер аялдар ЕРӨБ демилгелеген «Бизнестеги аялдар» программасынын ишмердүүлүгүнүн башталышы менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алышат. Өлкөдө бул программага Биринчи микрофинансылык компания биринчи өнөктөш болуп калды (БМФК). Кыргыз Республикасынан тышкары «Бизнестеги аыймдар» программасы (WiB) Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринде - Монголия, Тажикстан жана Өзбекстанда ишке ашырылууда.

Биринчи МФК уюмуна ЕРӨБ улуттук валютада 1 млн АКШ долларын берди: бул каражаттар аялдар жетектеген кичи жана орто бизнеске насыялоого жана аялдар арасындагы ишкердикке түрткү берүүгө багытталат. Кредиттик каражаттардан тышкары, программа алкагында каржылоонун жеткиликтүүгүн жогорулатууга, заманбап илимий-өндүрүштүк тажрыйба жана технологияны өткөрүп берүүгө жана аялдар ишкердиги жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу чаралары боюнча маселелерге кызыктар тараптардын ортосундагы ийгиликтүү диалогду демилгелөөгө багытталган жардамдар берилет.

Бүгүн «Бизнестеги аыймдар» программасынын расмий ачылышы болду, салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана Кыргыз Республикасындагы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы ЕРӨБ директору Нил Маккейн катышты.

Аталган программа Ишкер аялдар үчүн финансылык демилгесинин (We-Fi) колдоосунда жүзөгө ашырылат жана анда Кыргыз Республикасындагы аялдардын ишкерлер коомунун лидерлерине финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүү жана кичи жана орто бизнеск секторунун атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу боюнча жалпы иш-чаралар комплекси камтылат.

Программа алкагында Швейцария өкмөтүнүн экономика боюнча Мамлекеттик секретариатынын каражатынын (SECO) эсебинен каржылана турган бизнес-консалтинг кызматы дагы көрсөтүлөт. Каржылоонун бул бөлүмү ЕРӨБ Чакан бизнеске жардам көрсөтүү фондунун (EBRD Small Business Impact Fund) линиясы боюнча келип түшөт, ал каражат донор-мамлекеттердин эсебинен түзүлөт (Швейцариядан тышкары, алар Италия, Япония, Түштүк Корея, Люксембург, Швеция, Кытай Тайбэйи жана АКШ). 

Кичи ишканалар Кыргыз Республикасынын ИДӨ 40 пайызын берет, ошол эле учурда мындай ишканалардын үчтөн биринде гана аялдар менчик ээлери жана жетекчилер болуп саналат.

ЕРӨБ Кыргыз Республикасына бөлгөн жалпы инвестициясынын суммасы дээрлик 790 млн еврону түзөт; бул каражаттар 191 долбоорго жумшалган, анын ичинен инвестициянын басымдуу бөлүгү жеке ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Тизмеге Кайтуу
Жогору